Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Дүйнөлүк роботтор олимпиадасы өтөт

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 714 | 0

Кыргызстанда алгачкы жолу 8-9-июнда Дүйнөлүк роботтор олимпиадасынын (World Robot Olympiad) улуттук этабы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Lego роботтору арасында жүргөн жана ар кандай категориялар боюнча жарыша турчу олимпиадага робототехника менен машыккан 10 жаштан 21 жашка чейинки балдар катыша алат. Иш-чаранын негизги максаты: Кыргызстандагы инженердик билим берүү системасын түзүү, ошондой эле, Венгрияда өтө турчу дүйнөлүк роботтор олимпиадасына мыктыларды тандап алуу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM