Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев Жогорку Кеӊештин Армения, Грузия менен кызматташуу боюнча достук тобуна жетекчи болду

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 404 | 0

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеӊештин Армения жана Грузия Республикалары менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси болуп дайындалды. Мындай чечимди Парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети чыгарды.

«Армения жана Грузия — олуттуу өзгөрүүлөр болуп жаткан өлкөлөр. Парламенттик кызматташтыкты арттырып, ушул өлкөлөрдөгү пайдалуу реформаларды жаш лидерлерге да көрсөтүп келүү ниетим бар. Ошон үчүн достук тобуна жетекчилик милдетти алдым», — деди депутат Фейсбуктагы баракчасына.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Армения жана Грузия Республикалары менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун 2019-жылдын 16-майында өткөн жыйынында достук тобунун жетекчилигине депутат Жанарбек Акаевдин талапкерлиги жактырылган.

Copyright © 2017 Maral FM