Биз менен байланышыңыз

Саткан унааңыздын айып каты сизге келип жатса…

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 638 | 0

Ишеним каты жок унаа башкарып жүргөндөрдүн айынан унаанын ээлери көп жабыр тартып жатат. Алар башка бирөөлөрдүн кылганы үчүн айыпка кириптер болуп калышууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Жаран унааны сатып, бирок өзүнүн атынан каттоодон чыгара элек болсо, айып каттар транспорт каражатынын ээсине барат. Мындайда жаран айып пулду төлөп, квитанцияны сактап коюшу керек. Токтомдун көчүрмөсү менен квитанцияны тиркеп сотко берип, унааны башкарып жүргөн адамдан каражатты өндүрүп алууга мүмкүн», — дейт Саркулов.

Copyright © 2017 Maral FM