Биз менен байланышыңыз

Акаев менен Бакиев Орусияда мекендештерге ооз ачар уюштурду

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 1572 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев Москвадагы кыргызстандыктарга ооз ачар уюштуруп беришти. Бул тууралуу кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү соцтармактарга жарыялады.

19-майда Москванын бир ресторанында уюшулган ооз ачарга 100дөй мекендешибиз келген. Конокторду Аскар Акаев, жубайы Майрам Акаева неберелери менен тосуп алган. Ифтарда Аскар Акаевдин апасына багышталып куран окулган.

Ал эми Курманбек Бакиев Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарларындагы 600дөй мекендешибизге ооз ачар өткөргөн. Мындан сырткары, жакынкы күндөрү Бакиев Москва жана Екатеринбург шаарларында да ифтарларды уюштурууну пландаганы маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM