18-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУнун өкүлчүлүгүнө кайрылып, «Ачык Өкмөт» улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиевди кызматынан чакыртып алууну сунуштаган. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Аркс «Ачык Өкмөт» программасына жетекчини улуттук форум тандашы керектигин маалымдаган. Долбоордун катчылыгынын мурунку жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын 18-майда расмий билдирген.
Форумдун 20-майдагы жыйынында «Ачык Өкмөттүн» катчылыгына өкмөттүн өкүлүн дайындоо сунушталды. Ал эми, юрист Нурбек Токтакунов катчылыкты Президенттин Аппаратына берүүнү карап көрүү керектигин төмөнкүчө түшүндүрдү.
— Жогорку Соттун өкүлдөрү келип, мына адилеттүү сот айыптуу деп жатышпайбы. Бирок Жогорку Сот милдеттүү эмес беле. Сүйлөшүү жүрүп биз менен макул болушкан, моюнга алышкан бул керек деп. Эми адилеттүү сотко оодарып жатканы таң калыштуу. Ошондуктан, катчылыкты дайындоо боюнча талкуулоону Президенттин Аппаратына берүүнү сунуштайт элем.
Жободо катчылыкты ким, кандай шайлаары каралбай калган. Андыктан, катчыны тандоодо «Добуш берүү форумдун компетенциясына киреби?» — деп суроо салган Юстиция министри Марат Жаманкулов катчылыктын жарым жылдык жумушун угуу ашыкча болбосун белгилеп, чечим чыгарууда шашылбоого чакырды.
— Катчылыктын ишин уксак. Жарым жыл ичинде кандай көйгөйлөр болду? Эмнеси иштеген жок? Себептер. Азыр Өкмөттүн Аппаратына, Президенттин Аппаратына жүктөйбүз деп жатабыз. Ошон үчүн бүт баарын угуп, андан соң чечим кабыл алсак туура болот. Биз шашып кеттик.
Өкмөткө ишеним аз болгондуктан, катчылыкты көз карандысыз кылуу максатында дайындалган. Бирок жарым жылдын ичинде бул эффективдүү эмес экендиги түшүнүктүү болгонун укук коргоочу Рита Карасартова белгиледи. Ошондуктан, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен катчылыкка өкмөттөн дайындоо каралууда.
— Катчылык Өкмөттүн Аппаратына берилсе, көз каранды болбойт. Дүйнөлүк тажрыйба ушундай болгон үчүн, ушуга токтолдук. Биз дагы бийликти «Кана? Кантип? Эмне кылалы?» — деп айтып жүрсөк, баары эле ордуна келчүдөй экен. Жарандык коом жактан алынса, жанагындай көйгөйлөр жаралып калат экен. Айтып өткөнүмдөй, демилгени, жоопкерчиликти өкмөт өз мойнуна алып, алдыга жылдырышы керек.
Жыйын негизинен расмий тилде өткөндүгүнө байланыштуу, мындан ары мамлекеттик тилде өткөрүү сунушун айткан Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов «Ачык Өкмөт» болгон соң катчылыктын айлыгына чейин ачык болуусу керектигин айтат.
— Биздин өкмөттөгү юристтер катчыны кантип шайлайбыз деген сыяктуу маселелерди жана айлыгын бир сыйра кайрадан карап чыгышы керек. ЕККУ төлөйт беле? Аны да билишибиз зарыл. Билбей эле кол көтөрүп, эртең күлкү болбоо керек. Эгерде маянасы 100-200 миң болуп кетсе, кайра суроо жаралат. Эгерде ачык болбосо, ачык болгула деп суроо да туура эмес. «Ачык Өкмөт» болгондон кийин бардыгы ачык болушу кажет.
Катчылык буга чейин сынактын негизинде ЕККУ тарабынан дайындалып келген. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катчылык өкмөттүн астында болсо, анын иш алып баруусу, маянасы жана башка маселелери чечилүүсү керектигин айтат.
— Бул маселени тездеткенге аракет кылабыз, анткени, жумуш көп. Биз сунуш алдык, эми премьер-министр менен талкуулашыбыз керек. Кандай тартипте болот? Өкмөттүн астында болсо, каржылоо керекпи? Же болбосо бизде иштеген эле адамдарга жүктөйбүзбү бул милдеттерди? Ушунун баары талкууланып, биздин форум июнь айында чогулганда бир сунуш айтылат го дейм?..
Мындан сырткары, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруудагы мекемелердин ишмердүүлүгү жана аларды менчиктештирүүдөгү ачыктык маселелери көтөрүлүп талкуу жүрдү.
Кошумчалай кетсек, «Ачык өкмөт» — ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү ишке ашырып жаткан долбоор.