Биз менен байланышыңыз

Президент көп балалуу энелерге «Баатыр Эне» орденин тапшырды

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 610 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда Энелер күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлап, ар кандай тармакта ийгилик жараткан жаштардын апаларына Президенттин «Ыраазычылык катын» тапшырды.

Жээнбеков Энелер күнү — ар бир адам үчүн эң кымбат жана ыйык майрам экенин белгиледи. Ал байыртадан ата-бабалар энелерди терең урматтап-сыйлаганын, аларды жаңы жашоонун башаты, үй коломтосунун куту деп бийик баалап келгенин белгиледи.

«Эненин сүтүн актаган адам гана бейишке кирет. Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Мен бул дүйнөдө кандай бийиктикке жетсем, ал ийгилигиме энемдин салымы чоң», — деп айткан. Чындыгында Эненин орду коомубузда эбегейсиз зор. Эне — бул жашоонун символу. Эненин мээримине бөлөнүп чоңойгон, эненин таалим-тарбиясын көргөн балдар эч качан жаман жолго барбайт. Мына ушундай балдар гана биздин мамлекеттин келечеги болот. Биздин негизги максат — энелердин социалдык кадыр-баркын эң бийик деңгээлге көтөрүү», — деди президент.

Кароосуз калган 128 баланы тарбиялаган жана учурда 18 баланы тарбиялап жаткан Наталья Аслаповскаянын эмгегин, Азия жана дүйнөлүк чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болгон жаш спортчулар Жоламан Шаршенбеков жана Эрбол Бакировдун апалары Гүлнар Жумалиева жана Айнура Турабаеваны белгиледи.

»Атанын керээзи» тасмасы менен Монреаль гран-присин жеңген жаш режиссер Дастан Жапар уулунун апасы Айымкүл Дыйкановага, өлкөнүн маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловдун апасы Светлана Садыркуловага жана чет өлкөдө эмгектенип, өзүнүн жасаган жакшы иши менен жалпы Кыргызстан эли үчүн сый жана ишеним алып келген Кайрат Тентимишовдун апасы Клара Тентимишовага ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 2019-жылы «Эне даңкы» медалы менен 470 эне жана «Баатыр эне» ордени менен 1135 эне сыйланды. Бүгүн, Мамлекет башчысынын колунан 9 эне «Баатыр эне» ордени менен сыйланып, 6 эне «Ыраазычылык каттарды» алышты. Жолугушуунун бардык катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинен символикалуу белектер тапшырылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM