Биз менен байланышыңыз

Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулунун апасы: Уулум 4 айлыгынан күү угуп чоңойду

Кыска кабар , Пикирлер | 16 мая 2019 | 2828 | 0

Энелер күнүнө карата белгилүү адамдар апасы менен «Марал» радиосунда маек курушту.

Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулунун апасы Арпажан Абирова баласынын кыялы, алгачкы сыйлыгы жөнүндө кеп кылды.

Ал эми  Закирбек Дуйшөнбек уулу апасына арнап, «Ибарат» жана «Кер толгоо» күүсүн чертип берди. Ал апасына каалоо айтып жатып көзүнө жаш алды.

Арпажан Абирова:

— 4 баланы тарбияладым. Закирбек — үйдүн кенжеси. Ал отузга чыкса да эркелейт (күлүп). Өнөрлүү адамдар назик болот окшойт. Туура эмес сүйлөп алсам, дароо «кыйшая» калат. Закирбек башка балдарыма салыштырганда өзгөчө. Кичинекей кезинде абдан жоош болду. 4 айлык болгондон тарта комуз күүсүн угуп чоңойду. Күү коюп, Закирбекти бешикке бөлөп, үй оокатын кылып жүрө берчүмүн. Буга койгон күүлөрдү дагы эле сактап жүрөм. Атайын комузчу болсун деп деле ойлогон эмес элем. Кээде мүмкүн ырларды коюп койсом, ырчы болуп кетмек беле деп коём. Закирбек 1-класста Карамолдо атабыздын «Ибарат» күүсүн чертип, гран-при алып келгени эсимде. Анын алгачкы белегин ыйык сезип, аздектеп жүрөм. Уулум сыртка кетсе, уктабай күтүп отурам. Эне үчүн баласынын амандыгы — эң чоң белек. 

Закирбек Дүйшөнбек уулу:

— Бала кезимде апам мага арнап «Ибарат» күүсүн койсо, мен бүгүн апам үчүн чертип берейин. Азыр эстесем, «Ибарат» күүсүн жети жылдан бери ойной элек экем. Менден башка 3 бир тууганым да комуз чертип, дастан айтат. Алгач атам менин комуз чертеримди билчү эмес. Анткени, айлап командировкага кетер эле. Бир күнү таң эрте чертип отурсам, атам апама: «Балдарыңды кой десең, чарчап келдим», — деп алгач маани бербеди. Анда мен 5 жашта болчумун. Анан кадимкидей чертип отурганымды көрүп, атам кайра-кайра комуз черттиргенин эстейм. Мен обонду уксам эле, комузда ойной берчүмүн. 

Апага жакшы тилектен башка нерсе айтылбайт. Айрыкча эркек балдардын бакыты, акырети апасына байланыштуу болот экен. Апама жакшы нерсе айтуу оор, анткени, тамагымда бир нерсе түйүлүп турат. Апа! Эки дүйнө бактылуу болуп, көп жашаңыз. Балдарыңызга ыраазы болуп, биздин жакшылыктарыбызды көрүңүз. Башкысы, Аллахтын ыраазчылыгын тапкан, бейиштик энелерден болуңуз. Эненин ыраазылыгын табуу бала үчүн эң кыйын нерсе. Биз кандай жакшылыктарды кылбайлы, аларды урматтап-сыйлабайлы, эненин бир күндүк ак сүтүнө, толгоосуна татыбайт экен. Андыктан, апа, өмүр бою сиздин алдыңызда кызмат кылып, сиз үчүн жашайбыз. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай чоңойтуп, ушул күнгө чейин сарсанаа болуп жүргөнүңүгө рахмат. Бар болуңуз!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM