Биз менен байланышыңыз

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын кезектеги жыйыны өттү

Саясат | 15 мая 2019 | 476 | 0

15-май Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын XIV жыйыны болуп өттү. Анда уюмга кирген жана аны менен чектеш өлкөлөрдүн аймагындагы жалпы кырдаал талкууга алынды. Мындан тышкары, терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге, бангизатка, мыйзамсыз курал-жарак соодасына каршы биргелешип күрөшүүнүн натыйжалуулугун арттыруу маселеси боюнча талкуу жүрдү. 

 ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын кезектеги жыйынында уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздугу жана бул жаатта мындан аркы кызматташууну күчөтүү талкууланды. Ошондой эле, алдыда Бишкекте өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине даярдыкка колдоо көрсөтүү боюнча сөз болгондугун  Коопсуздук Кеңешинин Кыргызстандагы катчысы Дамир Сагынбаев маалымдады.

— Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын бүгүнкү жыйынында коопсуздукту камсыздоону жогорулатуу жана уюмдун аймагындагы туруктуулук боюнча пикир алыштык. Терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге, баңгизатка, мыйзамсыз курал-жарак соодасына каршы биргелешип күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча талкуу жүрдү. Жыйындын катышуучулары үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Бишкекте өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине даярдыкка колдоо көрсөтөрүн билдиришти.

Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жолугушуусунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдүн актуалдуу багыттары кеңири талкууланды. Мындан тышкары, уюмга мүчө мамлекеттердин мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө аракети күчөгөнүнө Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылганы далил экендигин Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Владимир Норов өз сөзүндө айтып өттү.

— Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалык кылганы ага мүчө өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташтыкты, өз ара мамиле жана достукту бекемдөөгө аракети күч экендигине далил. Коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулду. 8 өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын ортосунда ШКУнун аймагындагы абал, кызматташтыктын келечеги жана бүгүнкү күндөгү коопсуздук коркунучтары менен биргеликте күрөшүү маселелери боюнча сөз болду. 

Дүйнөдө коопсуздук маселеси курч болуп келет. ШКУ терроризмдин жайылышына бөгөт коюп жаткан эң чоң уюм экенин баса белгилеген депутат Исхак Пирматов ШКУнун алкагында Парламенттик Ассамблея түзүү демилгеленгенин кошумчалады.

— Коопсуздукту камсыздап жаткан, айрыкча, Авганистан тараптан баңгизаттардын биздин мамлекеттердин аймагына кирүүсүнө бөгөт коюп жаткан жападан жалгыз уюм — ШКУ. Бул уюмдун мааниси өтө чоң. Биздин комитет ошол үчүн ШКУнун алкагында Парламенттик Ассамблея түзүлсүн деген демилге менен чыгып, ал колдоого алынган. Бир гана Казакстан тараптан толук кандуу жооп болбой жатат.  Калган 7 мамлекеттин баарынан колдоо тапкан. «Баш кеңсеси Бишкек болсун» деген демилгени баары колдошкон.  

Коопсуздукту камсыздоодо ШКУнун пайдасы абдан чоң. Ошондой эле, уюмга кирген өлкөлөрдүн диний террористтик жана экстремисттик уюмдарга көз карашы бирдей экенин эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов айтат.

— ШКУга кирген мамлекеттердин бардыгы сөзсүз терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге жол бербейбиз дегенди колдойт. Коопсуздук Кеңешинин төрагалары Кыргызстанда өтүүчү саммитке даярдык катары чогулуп жатат. Бул саммит өтө чоң тарыхый жана геосаясаттык окуя. Коопсуздук Кеңешинин катчылары стратегиялык маселелерди, эң маанилүү делген суроолорду карап күн тартибин түзөт.

Кошумчалай кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун  саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында 13-14-июнда Бишкекте өтөт. Буга чейинки, ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити былтыр Кытайда өткөн. 2018-2019-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM