Биз менен байланышыңыз

Ош — Стамбул авиакаттамын ачуу демилгеси каралууда

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 416 | 0

Ош — Стамбул авикаттамын ачуу демилгеси каралууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Түрк тарап зарыл документтердин баарына кол койду, эми аны кыргыз тарап ратификациялоого тийиш», — деп билдирди Жеӊишбек Ногойбаев.

Андан тышкары, министрликтин өкүлү Кыргызстанды «кара тизмеден» чыгарып, Европа өлкөлөрүнө учуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын, 2006-жылы Кыргызстанга «кара тизме» киргизилгенин жана учурда эл аралык уюмдун койгон талаптарынын баары аткарылып, ал тараптын чечимин күтүп жатканын кошумчалады.

Депутаттар бул өтө маанилүү келишим экенин, айрыкча ишкерлерге оӊ таасирин тийгизе турганын белгилешти. Алардын пикиринде, тезинен «кара тизмеден» чыгып, авиакаттамдар жаатында атаандаштык жаратуу зарыл.

Белгилей кетсек, ушу тапта түрк тарап Бишкек — Стамбул авиакаттамы боюнча аптасына 10 каттам жасоодо. Ал эми кыргыз тараптын авиакаттамдары жокко эсе. «Эйр Кыргызстан» компаниясынын жалгыз гана жарактуу учагы бар. Азыр ушул келишимдин алкагында мурда жабылып калган Ош — Стамбул каттамын кайра жандандыруу жаатында аракеттер жасалууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM