Буга чейин социалдык тармактарда биометрикалык паспорт үчүн бланка сатып алуудагы тендер чыры талкууга түшкөн. Ушуга байланыштуу президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдин суракка чакырылганы да кабарланган болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова бул боюнча башка фактыларды айтып чыкты. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Шаикова менен Дастан Догоевди Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, документтик бланктарды чыгарган европалык компаниянын өкүлдөрү менен тааныштырган.
— Анда биометрикалык паспортторду жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди чыгаруу боюнча сөз жүрдү. Бирок бланк сатып алуу боюнча тендер аяктаганын, Каттоо кызматында жаңы жабдык алууга муктаждык жок экенин айттык. Ал эми башка документтерди басып чыгаруу боюнча «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзам долбоорунда 51 % үлүшү бар ишканаларга аларды тендерсиз аткаруу мүмкүнчүлүгү берилген ченем каралганын эске салдык. Башкача айтканда, бул компания менен иштешүүгө эч кандай негиз жоктугун айттык.
Бирок УКМК бул айтылгандарды четке кагат. Органдын атайын өкүлү Рахат Сулаймановдун маалымдашынча, Шаикова мындай билдирүүсү менен УКМКны каралап, жоопкерчиликтен качуу жолун издөөдө.
Ал эми сөз болуп жаткан жолугушуу чынында эле болгонун, бирок андагы максат бөлөк экендигин айтып түшүндүрдү. «КБА НотаСис» чет өлкөлүк компаниянын жергиликтүү жетекчиси С. А. Идрис Кадыркуловго кайрылган. Кайрылуусунда Мамлекеттик катоо кызматынын жетекчилиги менен мамлекеттик маанидеги документтерди өндүрүү максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштурууну өтүнгөн.
-Расмий эмес жолугшууда Алина Шаикова жана Дастан Догоев мамлекеттик маанидеги документтерди өндүрүү боюнча маселени кароодон жеке компаниялардан сатып алуу жана өндүрүү чыгашалуу өндүрүш боло турганына таянышып баш тартышкан. Шаикова бул билдирүү менен УКМКны каралап, жоопкерчиликтен качууну көздөөдө.
Учурда УКМКнын маалымат базасында Мамлекеттик каттоо кызматынын паспортторду чыгаруу үчүн өткөрүлгөн тендерге байланыштуу иште жетиштүү далилдер бар экенин эске салды.
Укук коргоочу Рита Карасартова Алина Шаикова айтып чыккан маалыматка ишенет. Анткени, УКМК жабык орган жана текшерүү дээрлик жокко эсе болгону себептүү мындай кадамга барышы мүмкүн деп эсептейт.
— УКМК текшерилбей турган орган болуп алган. Кыргызстанда президент да өз мүлкүн көрсөткөнү менен, УКМКнын кызматкерлерине андай талап жок. Алардын мүмкүнчүлүгү чоң болгону үчүн ушундай иштерге барарына ишенем. Анын үстүнө тендер чоң акчалар ойной турган тармак. Алар кайсы компания келерине кызыгып, аралашуусуна ишенем.
Укук коргоочу бул көйгөйдү жөнгө салуу үчүн президентте саясий эрк болушу керектигин, эгерде мындай көрүнүш улана берсе, мамлекет башчынын өзүнө да терс таасир этерин эскертти.
Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевдин учурунда УКМК кийлигишип, же кысым көрсөткөн эмес. Болгону маалыматтын купуялуулугунун сакталышына гана көз салып турчу дейт.
— УКМК менен маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча гана бирге иш алып барчубуз. Андан башка бири-бирибизге тиешебиз да, кысым же бут тосуулар да болгон эмес.
Эске салсак, 2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендерге беш чет элдик компания катышып, алардын бири эң арзан 686 млн. 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң сом сарптоочу башка компанияны жеңүүчү деп тапкан. Натыйжада катышуучулар сунуштаган каражаттын айырмасы 253 млн. 377 миң 750 сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке зыян келтирилгендиги үчүн Каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон.