Биз менен байланышыңыз

«Матраимовдо акча, аброй жана бийликтин колдоосу бар»

Саясат | 14 мая 2019 | 940 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жасап, анда сабыр кылып карманып келгенине карабай, Алмазбек Атамбаевдин токтобой чектен ашып өзүнө таандык жана ага тилектеш жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка бир беткей каралатканына токтолуп, буга чейин кылган жакшылыктарын эсине салган.

Убагында Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын катарында болуп, бирок кыска убакта мамилеси өзгөргөнүнө таң калган Райымбек Матраимов экс-президентти азыркы президент менен болгон мамилесине аралаштырбоого чакырды. Мындан сырткары, ал Атамбаев каралоосун токтотпосо, күрөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

— Урматтуу, Алмазбек Шаршенович, убагында мамлекетке, сизге да колумдан келишинче чоң ишеним менен кызматымды кылдым. Азыркы президент менен болгон өз ара мамилеңиздерге мени аралаштырбооңуздарды суранам. Мага карата ыксыз каралоону, калпты чындай айтып, жаман аттуу кылууну токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбайм. Сиз менен күрөшүүгө менде да маалыматтарым, күч-кубатым жетишерлик.

Ал эми Райымбек Матраимовдун кайрылуусуна карата КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын жообун Апрель телеканалы жазып чыкты. Анда Райымбек Матраимовдун сөздөрүнө эч ким ишенбей турганы, ал бийликтин буйругу менен экс-президентке каршы чагым жасоого аракет кылып жатканы айтылат.

— Биз Раимбек Матраимовдун кайрылуусун «Ак үй» тараптан болуп жаткан кезектеги чагым катары баалайбыз. Видео кайрылууда абдан көп жалган айтылды. Анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин байланыштары тууралуу кеп да калп. Айтылган сөздөрдү да өзү жазбаганы көрүнүп турат. Андыктан, болбогон сөзгө комментарий бербейбиз. Атамбаевдин учурунда ал өзүнүн көлөкөсүнөн коркчу. Аз дегенде 2011-жылдан бери Жээнбековдор анын реалдуу калкалоочусу болгонун баары түшүнүп турат. Эл «Раим миллион» катары белгилүү болгон Матраимовдун мүлкүнүн текшерилүүсүн көптөн бери күтүп келет.

13-майдагы кайрылуу Раимбек Матраимовдун кеңири тараган эң алгачкы билдирүүсү. Мындан улам, саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Матраимов буга чейинки ушактарга кайсы бир деңгээлде чекит коюп, үн катканы туура болгон жана билдирүүсү аркылуу эл менен экенин көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок ошол эле учурда, бул тасма Матраимов саясатка киргенин кыйытып, саясатчыларга тандоо койгон өңүттө болду.

— Атамбаев өзү Матраимовду сындап жатканда, ал унчукпай жаткан. Азыр болсо Раимбек Матраимов саясатка кирейин деп жатат, мүмкүн партия түзөт. Аны түштүк жак, айрыкча Кара-Суу жакшы колдойт. Өткөндөгү турнирден кийин да, «Партия түзөйүн деп жатыптыр. Ал партияга Жанар Акаев лидер катары келет экен», — деген сыяктуу ар кыл сөздөр чыгып жатат. Бекеринен эмес болуш керек. Ошондой эле, Матраимов азыр саясатчылардын астына, «Же мени колдойсуңар, же тияк тарапты», — деген фактор койду.

Атамбаевдин буга чейинки сын-пикирлери себепсиз болуп келген. «Раим миллион» деген аты менен эле белгилүү болбосо, аны камоого тийиштүү далил жок. Ал эми Матраимов  бүгүнкү күндө кааласа саясатка аралашууга жетиштүү каражаты, кадыр-баркы жана күчү бар. Мындай пикири менен саясат таануу илимдеринин доктору Марат Казакпаев бөлүштү.

— Матраимов күчтүү болсо, ачык эле саясий күрөш жүргүзүшү керек. Атамбаев өзү каршы болуп, жөн жерден, себеби жок сын айтып келет. Мисалы, Бажыдагы мыйзамсыз иштер дейин десе, ал жөнүндө факт жок. Бирок кандай болгон күндө да, бул бийликтин кишиси деп койсо болот. Эмне үчүн? Каршы болгондо эчак эле кылмыш иши ачылып, кысым көрсөтүлмөк. Аны көрбөй жатабыз.  

Ал эми саясий серепчи Орозбек Молдалиев сөз болуп жаткан кайрылууда 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого карата күрөштүн башталышын түшүнгөн. Анын айтымында, Матраимов шайлоого барам десе, шайлоочулары жетиштүү жана бийликтен колдоо табары да толук ыктымал.

-Шайлоонун өнөктөштүгү, түрткүлөштүгү башталды. Азыркы кайрылуунун артында кийинки 2020-жылкы шайлоонун элементтери жатат. «Көрүшөбүз!» — деген сөз. Матраимов эч кимге таянбаса деле, өзүнүн ресурсу жетиштүү. Материалдык-каржылык жагы бар, бир иниси аким болуп турат, агасы Жогорку Кеңеште депутат. Экинчиден, Атамбаев улам эле, «Жээнбековдордун адамы, ушуларды колдоп жатат, башынан эле колдочу», — деген сөздөрүнө караганда, балким бул да азыркы бийликке таянышы мүмкүн.

Эсек салсак, Райымбек Матраимов 2018-жылдын апрель айында кызматтан негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бул арыздын негизинде, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны иштен мыйзамсыз алынган деген чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто жатат.

Copyright © 2017 Maral FM