Биз менен байланышыңыз

«Унааларды техкароодон өткөрүүдө коррупция жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 мая 2019 | 561 | 0

Унааларды техникалык кароодон өткөрүп, диагностикалык карта берүүдө адам фактору аралашпайт. Мындан улам, коррупция жок. Бул тууралуу Автолабораториялар ишканасынын директору Замирбек Сатыбалдиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, унаа техникалык кароодон өткөн соң, тиешелүү жыйынтыкты компьютер чыгарат. Эгер талаптарга туура келсе, талон берилет.

 «Чет мамлекеттен келген келген унаалар лабороториядан текшерилип, техникалык регламенттин талабына жооп берсе гана өтөт. Унаа жол кырсыгына кабылса, транспортту техникалык кароодон өткөргөн ишкана жооп бербейт. Анткени, айдоочу унаасын каалагандай пайдаланат. Милдеттүү техникалык кароо киргизилсе, унаанын катализаторунун маселеси да каралат. Анткени, катализатору жок унаадан көп түтүн чыгат. Унаа кайсы ишканадан теникалык кароодон өтсө, ошол мекеме сертификат жазып берет», — дейт Сатыбалдиев.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда жеңил унааларды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү 3300 сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM