13-майда, «Адилеттүүлүк үчүн» комитети 2020-жылкы шайлоого даярдык катары, шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында тегерек үстөл өткөрдү. Ага ЖК депутаттары, укук коргоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү жана активисттер катышты. Жыйындын негизги максаты: алдыдагы шайлоону таза, так, адилеттүү өткөрүүгө өбөлгө боло турган мыйзам түзүү болуп саналат. Мындан улам, талаш-талкуулар болуп, бир катар сунуштар айтылды.
2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн өтө оор жана маанилүү. Аны мыйзамдуулугун жогорку деңгээлде сактап өткөрүү кажет. Андыктан, эң биринчи кезекте мыйзам даярдоо зарылдыгын баса белгилеген саясатчы Равшан Жээнбеков ачык-айкындуулукту камсыздоо менен шайлоо мыйзамына реформалар керектигине токтолду.
— 2020-жылы шайлоону таза, адилеттүү жана мыйзамдуу өткөргөнгө аракет кылышыбыз кажет. Ошол максатта биздин «Адилеттүүлүк үчүн» комитети тегерек үстөлдөрдү өткөрүп жатат. Бул — алгачкы коркунучтардын бирөөсү гана. «Мыйзамдарыбыз, эрежелерибиз даярбы?» — деген суроо коюла турган болсо, «Эрежелер өзгөргөн жок, эски эрежелер калып калды», — деп жооп беребиз. Эски эреже менен шайлоого баралбайбыз. Андыктан, биз жаңы, так эрежелерди алып келишибиз керек.
Бир мандаттуулукка кайра кайтууну коомчулук сунуштап келет. Ар бир аймактын өкүлү шайлоочунун санына ылайык парламентке келиши керек. Конкреттүү бекитилген квоталар шайлоочу менен депутаттын карым-катнашын бекемдейт деген депутат Мирлан Бакиров шайлоо аймагын 13кө бөлүүнү сунуштады.
— Аймактык тизме дегенде, маселен, Нарын облусу — бир аймак, Ысык-Көл облусу — бир аймак, Талас облусу — бир аймак. Бул жерде биз конкреттүү аймактык тизмени сунуштап жатабыз. Бул эмнеден келип чыкты? Конституциянын талабы боюнча шайлоочу депутаттарга добуш берет. А депутатты көрүш үчүн талапкерлерди бюллетенге жайгаштырыш керек. Эгерде 10 партия 120дан сунуш кылган болсо, анда 1200 болуп кетет. Аны шайлоочулар көрө ала тургандай мүмкүнчүлүк түзүү үчүн аймактык тизме болуш керек деп жатабыз. Шайлоочунун санына жараша ар бир аймактын өзүнүн тизмеси болот.
Эл партияларды шайлаганда, тизмесине көп маани бербейт. Эл өкүлдөрү Жанар Акаев менен Исхак Масалиев сунуштап жаткан мыйзамга ылайык, партиядагы талапкерлердин тизмеси мониторго чыгат. Шайлоочу анын ичинен өзү каалаганына добуш бере алат. Масалиевдин айтымында, бул мыйзам долбоору белгисиз себептерден улам комитетке коюла элек.
— Эң негизги маңызы, шайлоочу добуш берген күнү идентификациядан өтүп, колуна «карточка» алып, добуш берүүчү урнага киргенде, ал жердеги мониторго партиядагы талапкерлердин тизмеси көргөзүлөт. Ошол тизменин ичинен шайлоочу бирөөнөбү, экөөнөбү добуш берет. Аны тактай элекпиз. Ошондо реалдуу түрдө «Кайсы партиядан, кайсы талапкер канча добуш алды?» — деген жыйынтык чыгат. Бирок Жогорку Кеңештин жетекчилигинин максаты: президенттин жумушчу тобунун мыйзам долбоорун өткөрүү. Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ алып келген мыйзам долбоорунда көп нерсе бар, бирок чечкиндүү өзгөртө турган эч нерсе жок. «Депутат кантип шайланат? Кантип келет?» — деген принцип өзгөргөн жок.
Жыйындын журүшүндө, партиялардын шайлоодогу 9 %дык чегин 7 же 5 %га чейин төмөндөтүү, үгүт маданиятын жөнгө салуу, шайлоо учурундагы техникалык маселелер жана ачык-айкындуулукту толук камсыз кылуу боюнча бир топ сунуштар айтылды.
Коомдук талкууну уюштурган «Адилеттик үчүн» комитетинин өкүлү, укук коргоочу Рита Карасартова сунушталып жаткан төрт мыйзам долбоорунун ак-карасын тактап, алдыда эң туура мыйзамды жүргүзүү талабы коюларын билдирди.
— 4 мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште бар дегени үчүн, аталган мыйзам долбоорлорунда «эмнеси жакшы, эмнеси жаман» дегенди талкуулайлы дедик. Эки күндөн кийин комитет бийликте түзүлгөн топтун маселесин караганы жатат. Бүгүн биз жарандык коом, жумушчу топ башка мыйзам долбоорлорун да биринчи окуудан өткөрүп, баарынын жакшы ыкмаларын алып туруп, алдыга эң мыкты түрү менен жүргүлө дегенди талап кылабыз.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндөгү мыйзамга ылайык парламентке жалпы шайлоочулардын 9 %дан ашык добушун, ал эми ар бир аймактан 0,7 %дан көп добуш алган партиялар өтөт.