Биз менен байланышыңыз

Ырчы Алия Акылбекова алгачкы концертин берет

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 1018 | 0

21-майда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын 5-курсунун студенти, ырчы Алия Акылбекова алгачкы жеке концертин берет. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

«Студент жеке чыгармачылык концертин тартуулаган учур окуу жайдын тарыхында алгачкы жолу катталып жатат», — дейт окуу жайдагы «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын жетекчиси, манасчы Самат Көчөрбаев.

Концерт К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын концерттик залында, саат 15:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Эске салсак, Алия Акылбекова 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата Казакстандын Түркиядагы элчилиги уюштурган Анкара шаарындагы кечеге атайын чакыруу менен катышып, кечеден тышкары түрк элинин өтүнүчү менен Анкара шаарындагы Кастамону маданият үйүндө жана Тося шаарындагы маданият үйүндө жеке концертин берип кайткан.

Ошондой эле, Коомдук телерадио берүү корпороциясынын «Кыргыз радиосу» каналы тарабынан уюштурулган «Эргиме» радиодолбоорунун I даражадагы «Эргүү» сыйлыгына жана «Кыргыз туусу» гезити чыгарган жыл жыйынтыктын негизинде «2018-жылдын мыкты ырчысы» номинациясына ээ болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM