Биз менен байланышыңыз

Кинематографист Элвин Сарджент көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2019 | 470 | 0

«Жөргөмүш адам» (Spider Man) АКШ тасмасынын сценаристи, кинематограф Элвин Саржент көз жумду.

«Deadline» басылмасы жазган маалыматка таянсак,  92 жаштагы Элвин Саржент өз үйүндө каза тапкан. Качан жерге берилери азырынча айтыла элек. Маркумдун туугандары Элвин Сардженттын күйөрмандарын гүл сатып албай, ага кетчү каражатты «Ракка каршы тур» фондусуна жардам катары которууга чакырды.

Белгилей кетсек, Элвин Саржент 1927-жылы туулган. Ал эмгек жолун телевидениеде алып баруучулук жана сериалдарга сценарий жазуу менен баштаган. Саржеттин «Бен Кейси», «Шоссе 66»  сыяктуу теле-шоу программалары коомчулукка кеңири белгилүү.

Мындан тышкары, «Жөргөмүш адам-2», «Жөргөмүш адам-3», «Жаңы жөргөмүш адам жана Кагаз ай» баш болгон бир катар тасмалардын сценарийин жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM