Биз менен байланышыңыз

10-май — Улуттук валюта кабыл алынган күн

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 1462 | 0

Бүгүн, 10-май банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын күнү. Сомдун жүгүртүүгө чыкканына быйыл 26 жыл толду. Ал алгач 1993-жылдын 10-майында колдонула баштаган.

Кыргыз сому менен СССР рублинин катар колдонулушуна 5 гана күн уруксат берилген. 1993-жылдын 14-майынан тарта сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты катары киргизилген.

Улуттук банктын маалымдашынча, сомдун кабыл алынышы өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатын аныктоого негиз болгон.

«26 жыл ичинде кыргыз сому өлкөдөгү мезгил-мезгили менен болгон экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан, өзүнүн туруктуулугун ишенимдүү тастыктай алды», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM