Биз менен байланышыңыз

«Ливерпулдун» күйөрмандары Мессини оюндан четтетүүнү талап кылышууда

Кыска кабар , Спорт | 3 мая 2019 | 407 | 0

Англиялык «Ливерпуль» футболдук командасынын күйөрмандары испандык «Барселонанын» чабуулчусу Лионель Мессини оюндан четтетүүнү талап кылышып, петиция түзүшкөн. Алар Чемпиондор лигасынын жарым финалындагы 1-оюнда чабуулчунун жасаган аракетине нааразычылыгын билдиришкен.

Championat.com сайты билдиргендей, күйөрмандар Мессини Фабиньонун башына тийген соккудан улам сындап чыгышкан. Учурда петицияга 2200дөн ашык күйөрман кол койгон.

Эске сала кетсек, Европа футбол уюмунун (УЕФА) Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттешинде испандардын «Барселонасы» өз талаасында Англиянын «Ливерпуль» клубун 3:0 эсебинде уткан. Лионель Месси оюн жүрүшүндө 2 гол киргизген.

Ал эми жооптук беттеш 8-майда Ливерпулдун  «Энфилд» стадионунда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM