Биз менен байланышыңыз

«Кийинки шайлоодо Матраимов чоң роль ойнойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2019 | 699 | 0

Cаясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы партиясы түзүлүп, ал жерде «Райымдардын» ролу зор болорун билдирди.

Анын баамында, кийинки шайлоодо Райымбек Матраимов чоң роль ойнойт. Шайлоодо анын акчасынын пайдасы тиет.

«Матраимовдун каражатын бардык президент пайдалана берет. Президенттик шайлоону Райымбек Матраимов каражатын салып колдогонун Атамбаевдин штабы расмий жарыялады. Фарид Ниязовдор 23 млн. доллар ашыкча короттук деп айтып чыккан. Мен буга ынанам. Эгерде штаб ким акча алганын тизмесинен бери чыгарып жатса… Бирок бийлик Матраимовдун таасирин кескин өзгөртө алат. Бул системада ар дайым Райымбекке окшогондор садага чабылып кете берет. Мына бүгүн Илмиянов, Кулматов, Исаков түрмөдө отурат. Алардын баары садага чабылып калды. Буларда мораль, намыс деген жок. Ошондуктан айтарым, бүгүн Райымбек президенттин айланасынан кетпей тургандай, «Райым» деп кыйкырып жатабыз. Райымбек кантип садага чабылганын билбей калат», — дейт Бекназаров.

Саясатчы буга кошумча, бийлик Матраимовдун маселесине чекит койбосо, аброй алып келбей турганын белгиледи.

Эске салсак, Райымбек Матраимов 2015-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бирок эки жылдан кийин ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду кызматтан бошоткон болчу. 2018-жылдын апрель айында Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бул арыздын негизинде, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны иштен мыйзамсыз алынган деген чечим чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM