Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сотто экс-депутат Садыр Жапаровдун иши каралат

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 684 | 0

Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту бүгүн 30-апрелде уланат. Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы кабыл алган.

Кылмыш-жаза жана Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы ишке киргенине байланыштуу камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши өткөн аптада Жогорку сотто кайра карала баштаган.

Процесстин башында эле жактоочу Шарабадин Токтосунов мурдагы ишти караган ошол эле курам болуп калгандыктан, ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Соттук отурумдарга байланыштуу Жапаров лидерлик кылган «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү Жогорку Соттун имаратынын алдында митинг уюштурушуп, саясатчыны абактан бошотууну талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM