Биз менен байланышыңыз

Талгарбеков: Атамбаевди сотко бергениме 10 күн болду

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 766 | 0

10 күн мурун Атамбаевдин үстүнөн сотко арыз жаздым. Мындай пикирин саясатчы Бекболот Талгарбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Талгарбековдун айтымында, арызды Ленин райондук соту кабыл алган.

«Май майрамдарынан соң, ишти кароо башталат. Бизди соттогондо өздөрүнүн кылмышын жабуу үчүн мыйзамсыз түрдө сотту жабык өткөрүшкөн. Эми сот ачык өтөт. Журналисттер чындык ким тарапта экенине күбө болот. Сот адилеттүүлүгүнө ишеним жок, бирок, коомчулук менин күнөөсүз экенимди билиши керек. Бир жарым жылда соттук реформа болгон жок, болгону Манас Арабаевден араң кутулдук. Атамбаев камалып кетсе, мен барып турам. Мен камакта жатканда, Атамбаев бир козу жиберип койгон жок», — деди Бекболот Талгарбеков.

Ошондой эле, Талгарбеков Атамбаевдин сөзсүз камала турганына ишенерин айтып, «каралар» кысым көрсөтө турган болсо, кам көрө турганын билдирди.

«Атамбаев мени куугунтукка алганы үчүн 17 млн. сомго доо койдум», — деп кошумчалады Бекболот Талгарбеков

 

Copyright © 2017 Maral FM