Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Бишкек жашоого ыңгайлуу шаар болоруна ишенем

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 696 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде кыргызстандыктарды жана борбор шаардын тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы өз куттуктоосунда Бишкек ири экономикалык, саясий жана маданий борборлордун бири катары Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орун ээлей турганын, борбор шаардын жыл өткөн сайын өнүгүп, жаңыланып жатканын айтып, шаар тургундарына бакубатчылык, тынчтык жана байгерчилик каалады.

«Ордо калаабызда көптөгөн этностордун өкүлдөрү жашайт жана эмгектенет. Алар тынчтыкта, ынтымакта жана өз ара түшүнүшүү менен жашоонун мыкты салттарын муундан-муунга өткөрүп келишүүдө. Бул эң сонун жөрөлгөнү сактап, андан ары улантуу — биздин милдетибиз. Бишкек «жашыл калаа» деген өзүнүн мурдагы даңкын кайтарышы керек. Таза аба, бак-дарактар шаардын башкы байлыгы болушу абзел. Биздин ордо шаарыбыз азыркыдан да таза, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу шаар болот деп ишенем«- деп билдирген мамлекет башчы өз куттуктоосунда.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков заманбап стандарттарга шайкеш келген шаарды куруш керектигине токтолуп, Бишкек шаары Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык кызматташтык борборлордун бирине айланарына күмөнү жок экендигин кошумчалаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM