Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Коопсуз кичи район» долбоору ишке кирди

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 841 | 0

Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө «Коопсуз кичирайон» аттуу долбоор ишке кирди. Долбоор учурда №6 кичирайонунун аймагында иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баштапкы этапта мектеп, бала бакча, парк, сквер жана башка административдик мекеме-аймактардын айланасына жана көчөлөрдүн кесилишине 72 видеокамера орнотулган. Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 500 миң сом бөлүнгөн.

Долбоордун өзгөчөлүгү, анын байкоо борбору, техникалык сервери шаардык милициянын №3 бөлүмүндө жана Октябрь райондук милиция бөлүмүндө жайгаштырылган. Милиция кызматкерлери кичирайондогу абалды күнү-түнү көзөмөлдөйт.

Бул долбоордун ишке кириши жол кырсыктардын санын азайтууда. 2018-жылдын биринчи кварталында 109 жол кырсыгы катталса, 2019-жылдын биринчи кварталында болгону 20 жол кырсыгы катталган.

Ошондой эле камералардын жардамы менен кичирайондун аймагында жасалган бир нече уурулуктун бети ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM