Биз менен байланышыңыз

Футзал Суперлига: 2/1 финалдык баскычтын алгачкы беттештерин коноктор утушту

Кыска кабар , Спорт | 16 Апр 2019 | 465 | 0

Оштун «EREM» командасы футзал боюнча Суперлиганын биринчи жарым финалдык беттешинде «Sun City» клубун 4:5 эсебинде утуп, жарым финалдык серияларда алдыга чыкты.

«Sun City» спорттук борборунун аянтында болгон беттеште талаа ээлери адегенде 4:1 эсебинде алдыга чыгышкан.

Башкы машыктыруучу Данияр Абдыраимов башында турган «EREMдин» балдары жеңишке болгон эркин көрсөтүп, беттештин финалдык ышкырыгына чейин эсепти 4:5ке айландырып, жеңишти илип кетти.

Жарым финалдык сериянын экинчи беттеши 21-апрелде Ош шаарында «EREM» клубунун оюн талаасында өтөт.

Жарым финалдык экинчи жуптагы «Алга-Дордой» Бишкек жана «Мурас» Ысык-Көл беттешинде ысыккөлдүктөр 3:4 эсебинде утуп кетишти.

Кийинки беттеш Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM