Биз менен байланышыңыз

Нурмагомедов Макгрегорго шарт койду

Кыска кабар , Спорт | 15 Апр 2019 | 549 | 0

Чемпиондук кур үчүн болгон беттеште Конор Макгрегорду жеңип чыккан Хабиб Нурмагомедов реванш шарттарын айтты. Дагестандык мушкер эгер Конор бир жактан бир нерседен ута турган болсо, аны менен сүйлөшүүгө даяр. Ал бул туурасында өзүнүн Twitter баракчасында жазды.

Эки мушкер бири-бири менен социалдык блогдо ой бөлүшүштү. Конор Хабибди UFCнин мыктысы катары эсептебей турганын айткан.

«Биз анын беттешин ашыра баалап койдук. Алдыдагы реванш баарын көрсөтөт», — деди ирландык мушкер Макгрегор.

Хабиб каршылашына жооп берип жатып, анын 2016-жылдан бери эч нерсе ута элегин эске салып өттү.

«Сен биринчи бир нерседен утушка ээ бол, ошондо гана реванш тууралуу сүйлөшөбүз», — деп белгиледи Нурмагомедов.

Эске сала кетсек, мушкерлердин кесиптештери эки тараптын бир мамилеге келүүсүн каалашып, ортодогу түшүнбөстүктөр тынчсыздандырып жатканын айтып келишет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM