Биз менен байланышыңыз

«Митингди чектөө демократиялык процесстерге залакасын тийгизет»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 740 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиев «Марал» радиосуна берген маегинде митингдерди чектөө демократиялык процесстерге залакасын тийгизерин билдирди.

«Демократиялык мамлекетте адам укугу биринчи орунда турат. Жарандар үнүн митинг аркылуу бийликке жеткирет. Президент Сооронбай Жээнбеков митинг болбосун, демократия өнүкпөсүн деп айткан жок», — дейт Тербишалиев.

Ал саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын митингин чөктөө аракеттерин айрым сот, чиновниктердин бийликке жагынуу максатында жасап жаткан кадамы катары баалады.

Сот “бабановчулардын” митингине уруксат берген жок

Copyright © 2017 Maral FM