Биз менен байланышыңыз

Бабанов: Атамдын үйүн сагындым

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 1372 | 1

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келгенде, бийлик тарапта, же оппозиция тарапта болорун так айткан жок. Ал ким менен болорун убакыт көрсөтөрүн айтып, эң биринчи кезекте Мекенин сагынганы үчүн келерин белгиледи.

«Мен — эң биринчиден, Мекенимди, элимди сагындым, атамдын үйүн сагындым. Эл менен жолугуп, батасын алып, тынч жашаганды каалап турам. Бийлик мага тийишпей, мени колдогондорду коркутпай, иш когобосо, баары тынч болот деп ойлойм. Саясаттан башка да жашоо бар экенин түшүндүм. Саясат деп жүрбөй экономиканы алдыга алып чыгуу керек», — дейт Бабанов.

Ал мындан тышкары, мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тиреш боюнча оюн айтты. Экөөнү уруштуруп, өз саясатын жүргүзүп жаткандар бар экенин белгиледи.

«Алар — мамлекетти жетектеп, бир топ кызматтарда иштеп, жашоонун сабактарын көргөн, тажрыйбасы бар адамдар. Ошондуктан, алардын талашы жакшылыкка алып келбейт», — дейт Бабанов.

Белгилей кетсек, экс-депутат, «Республика-Ата Журт» партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга келерин жарыялады. Ал бүгүн НТС телеканалына маек берди.

1 пикир

1 пикир

  1. Жаныбек

    09.04.2019 20:41

    Келиниз….сиз кыргызга керексиз…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM