Биз менен байланышыңыз

Расмий маалымат: Таласта жол күзөт кызматкери жол кырсыгынан каза болду

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 643 | 0

ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын (ЖККББ) маалымат кызматы Таласта жол кырсыгынан каза болгон кызматкери тууралуу расмий маалымат таратты.

Жол кырсыгы 6-апрелге караган түнү Тараз–Талас–Суусамыр унаа жолундагы Боо-Терек айылында катталган. Милициянын прапорщиги Жыргалбек Абдылбаев окуя болгон жерде каза болгон.

Жол күзөтчү кызматкерлер «Хундай Портер» унаасын токтотушуп, айып аянтына алып баруу аракети көрүлүп жаткан учурда, MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жол күзөт кызматкерлеринин унаасын тепсетип кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM