Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 725 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кошумча ресурстарды табуу жана сырттан инвестицияларды тартуунун, ошондой эле кошумча каражаттардын эсебинен бюджеттик ссуданы көбөйтүүнү сунушташты. Ошондой эле компаниялык капиталдаштыруунун деңгээлин 600 млн. сомго чейин жеткирүү, эконом-класстагы көп кабаттуу турак жайды куруу программасын ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

«Арзан турак жай — 2015-2020″ социалдык программа болуп саналат. Насыя берип жатканда өзгөчө элетте жашаган элдин төлөө мүмкүнчүлүгүн эске алыш керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бактыбек Шамкеев ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана турак жай-аманат кредиттердин системасын киргизүү тууралуу маалымат берди.

Мындан сырткары, Германия өнүктүрүү банкы жана Финансы министрлиги менен 20 млн. еврого келишим түзүлүп, алар ипотекалык насыялоону колдоого багытталарын айтты.

Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жакын арада Кыргызстанга келип, компанияны баалашып, анын натыйжасында 30 млн. евро өлчөмүндөгү келишимге кол коюуга даярдыктар башталарын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 1-апрелине карата 14 өнөктөш банк аркылуу 4,6 млрд. сомдон ашык 4080 насыя берилген. Натыйжада 16 миңге жакын жаран турак жай менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9 %га чейин кыскартылган, 6 %га чейинки төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM