Биз менен байланышыңыз

Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан кетти

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 1361 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан кетти. Мындай чечимин ал өзү парламент жыйынында билдирди. Анда ал партия төрагасынын мүдөөсү, жеке таарынычы, амбициясы мамлекеттин өнүгүшүнө залакасын тийгизбеши керектигин эске салды.

— Тилекке каршы, бүгүнкү күндө КСДП ички интригалардын айынан өзүнүн милдетин так аткара албай калды. Ушул интригаларга мени да аралаштыруу аракети көрүлүүдө. Мен ага аралашпайм. Мен буга чейин бир эле КСДПга мүчө болуп, башка партияга өтөм деп ойлогон эмесмин. Эми партиядан чыгуу чечимимди расмий жарыялайм, -деди Жээнбеков.

Ал депутаттык ишмердигин фракцияда уланта турганын жар салып, партиялаштарына жана колдоп келген шайлоочуларына ыраазычылыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM