Акыркы маалыматтарда Кыргыз-казак чек арасындагы «Актилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда кезек күткөн унаалардын саны 200дөн ашканы айтылууда. Мындай кырдаалдын пайда болушуна казак тараптын көпкө текшерүүсү себеп болууда. Ушул жагдай боюнча Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Талантбек Маткерим уулу менен маектештик.
— Талантбек мырза, Казакстандын чек арачыларынын жүк ташуучуларды көпкө текшерип жатышынын себеби эмнеде?
— Болор-болбос нерсени бетке кармап, айталы, документинен бир тамга түшүп, же ката жазылып калганы үчүн деле, унааларды артка кайтарып ийип жатышат. Мындай көрүнүш буга чейин да болуп келген. Айрыкча, ЕАЭБге киргенден бери көп кайталана баштады. ЕАЭБдин талаптары Казакстан тарапка керек болгондо гана эстешет.
— Өкмөт тараптан көңүл буруу болдубу? Алар кандай маалымат берип жатышат?
— Азыркы күндө Өкмөткө баары бир экен. Көйгөй 19-мартта башталды. Ошондон бери ассоциациялар, ишкерлер, фирмалар социалдык тармактан билдирип эле жатабыз. Бирок, эч кандай реакция болгон жок. Ушул күнгө чейин чара көргөндү мындай кой, «Эмне болуп жатасыңар?» — деп койгонго жарашкан жок. Тышкы иштер министрлигинен да расмий көңүл буруу боло элек.
— Азыр «Актилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пункту тууралуу кеп болууда. А башка пункттардагы жагдай кандай?
— Башка пункттарда мындай кезек жок. Анткени, ал жактарда рентген жана ЕАЭБдин талабына ылайык келген башка каражаттар болбогондуктан, кайра эле «Актилек-Автожолго» жиберет. Чек ара кызматы: «Башка пункттарда кезек күтүү жок, ошол жакка баргыла», — деди. Бул жөн эле ыйлап жаткан балага момпосуй берген сыяктуу көрүнүш. Башка пункттардан өтүп кете ала турган болсо, айдоочулар бир жерге үйүлбөйт эле. Маселен, Чалдоварга баргандарды рентген жок деп, 90 чакырым артка жөнөтөт. Менин 3 жүк ташуучу унаам ошол жакка барып, ордунан да козголо албай коюп, аргасыз кайра «Актилекке» келе жатат. Мындан улам бийлик чара көрүү бул жакта турсун, кайсы жактан эмне өтөрүн да билбейт .
Рентгенге киргизгенде жүктүн бар-жогу тургай, кандай товар жана канча санда экенин да так көрсөтүп берет. Жүктүн баарын түшүрүп, бирден саноо деген акылга сыйгыс көрүнүш.
— Жогоруда жагдай улам эле кайталанып келе жатат дедиңиз. Казак тарап кандай жагдай болгондо, мындай кадамга барып башташат? Бул маселени кандай жол менен жайгарса болорун да айта кетсеңиз…
— Бул баарына эле белгилүү, биздин саясатчылардын кадамы жакпай калган учурда, же Кыргызстанга бир нерсе жасатыш керек болгондо эле ушинтип башташат. Мисалы, эки жыл мурун Алмазбек Атамбаев казактарды тилдей коюп, анын кесепетин биз тарттык. Бир айга жакын кезек күтүшкө мажбур болдук, чыгашага учурадык. Эгер өкмөттөгүлөрдүн акчасы зыянга учураганда, азыр соттошуп жүрүшмөк. Карапайым элдин акыбалы аларды кызыктырбайт экен, зыяндын орду тууралуу сөз да болгон жок. «Биз жаман сөз айтып алдык, кечирип койгула» менен кутулуп кетишти.
Казакстан тарапта азыр «амалдуу мыйзам» иштеп жатат. Айталы, чек араны толугу менен жаап салган жок. Айыл чарба азыктары келсе, бирден-экиден өткөрүп коюп жатышат. Бир нерсе деп айта турган болсоң, «Штаттык негизде иштеп жатабыз» деген шылтоону бетке кармашат. Биздикилер казак тарапка мыйзам чегинде доомат коё албайт. Себеби, баарын «талапка тууралап» коюшкан. Чечүүнүн бир эле жолу бар: ал — саясий кадам.
Бул окуяда Экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун жүргөнүн эле көрдүм. Жадагалса, статистикасын да чыгарышкан жок. Экономиканы өнүктүрөбүз деп президент, премьер-министр баш болуп, баары айтып жатышат. Бишкектен 30 чакырым алыс турган жерге басып келгенге жарабаган бийликтен кайсы экономикалык өнүгүүнү күтүүгө болот?!.
-Рахмат.