Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандан уй этин сатып алууну көбөйтөт

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 981 | 0

Орусиянын бизнес чөйрөсү Кыргызстандан уй этин сатып алуунун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн 28-мартта Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов менен Орусиянын Экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкиндин төрагалыгы астында өткөн аймактардын, ишканалардын жетекчилеринин катышуусундагы жолугушууда «Арвиай Рашен Венчур Инвестментс» АКнын башкы директору Максим Новиков билдирди.

“Буга чейин айрым тоскоолдуктар, чектөөлөр болуп келген. Бирок, февраль айынан баштап, алардын баары алынып салынды. Биз уй этин экспорттону өнүктүрөбүз. Кыргызстандык өнөктөштөрүбүз жакынкы арада Орусия Федерациясына товар алып кирүүгө уруксат берилген ишканалардын реестрине киргизилет деген үмүттө турабыз. Мында уникалдуу табигый шарттар маанилүү ролду ойнойт”, — дейт ишкер.

Максим Новиков ошондой эле, компания жашылча-жемиштерди да экспорттоого кызыкдар экенин кошумчалады.

“Биз кыргыз өнөктөштөр менен түз келишимдерди жандантып, Кыргызстандан Орусияга товар ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатабыз”, — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM