Биз менен байланышыңыз

Эл аралык театр күнүндө «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды

Бүгүн, 27-мартта Эл аралык театр күнүндө кыргыз театрларында өткөн жылы коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктылары тандалып алынып, VI «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды.

«Эргүү» улуттук театр сыйлыгы:

-«Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн» номинациясы — Кыргыз  драм театрынын башкы бухгалтери Шамырбек Өмүралиевге;
— «Эң мыкты эпизоддук ролу үчүн» номинациясы — «Кылым карытар бир күн» спектаклиндеги Айзаданын ролу үчүн Альбина Имашовага;
— «Эң мыкты сценография» номинациясы — Тилекматов Бакытка;
— «Балдар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн» номинациясы — «Кар ханышасы» спектаклиндеги Герданын ролу үчүн Мадина Талипбековага;
— «Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн» номинациясы — «Кылым карытар бир күн» спектаклиндеги Сабитжандын ролу үчүн Азиз Мурадилаевге;
-«Эң мыкты режиссура» номинациясы — Эгемберди Бекболиевге;
-«Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн» номинациясы — Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкул Осмоновго;
-«Жаштар ойногон эң мыкты спектакль» номинациясы — «Текшерүүчү» спектакли үчүн Т.Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайынын 4-курсунун студенттерине жана курстун жетекчиси Назым Мендебаировго;
-«Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль» номинациясы — КУАДТнын «Кар Ханышасы» жомогу үчүн тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM