Биз менен байланышыңыз

Кытай заводундагы жарылуудан 3 миңдей турак жай ойрон болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2019 | 469 | 0

Кытайдын химиялык заводунда жарылуудан 2,8 миң турак жай ойрон болду. Бул тууралуу Сяншуй уездинин адмнистрациясынын башчысы Дань Юнхун маалымат жыйында билдирди.

Ага ылайык, учурда жеңил зыян келтирилген имараттар калыбына келтирилип, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Турак жайынан ажырагандарга компенсация төлөнөт же башка аймактан үй берилет.

Эске салсак, 22-мартта Сяншуй уездиндеги Яньчэн шаардык округунун аймагындагы “Цзянсу Тяньцзяи” химиялык заводунда жергиликтүү убакыт менен саат 14:00дө болгон.

Жарылуунун күчү катуу болгондуктан, кытайлык сейсмикалык агеттик Гуаньнань уездинин Ляньюньган шаардык округунда жана Цзянсу провинциясында 2,2 баллдык жер титирөө катталды деп чыккан.

Кырсыктан 64 адам каза таап, 523 киши жеңил жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM