Биз менен байланышыңыз

«Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 23 Мар 2019 | 466 | 0

«Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, мыйзамда чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга карата алардын жасаган кылмышынын оордугуна жараша Кыргызстанга кирүү укугунан ажыратуу мөөнөттөрү аныкталган.

Аларды Кыргызстандын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү жана чыгымдарды каржылоо тартибин өкмөт аныктайт.

Мыйзамдын максаты – чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде алардын Кыргызстандын аймагында жүрүүгө мыйзамдарда белгиленген негиздери болбосо, өлкөнүн чегинен тышкары чыгарып жиберүүнүн тартибин тактоо болуп саналат.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 13-февралында кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM