Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландия: Мечиттерге чабуул жасаган террорист өмүр бою эркинен ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2019 | 471 | 0

Жаңы Зеландиянын Крайстчарч шаарындагы мечиттерге террордук чабуул жасаган террорист өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу өлкөнүн  өкмөт башчысынын орун басары Уинстон Питерс билдирди.

Истанбулда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун аткаруу комитетинин чукул жыйынында Питерс: «Бул терракт — баарыбызга багытталган кол салуу. Полиция өлкөнүн тарыхындагы ири тергөө иштер алып барууда. Террорист өмүрүнүн калган  бөлүгүн бир кишилик камерада өткөрөт», — деди.

Эске салсак, 15-март күнү Крайстчарч шаарындагы мечиттердеги терракттан 50 киши набыт болуп, 40тай жаракат алган.

Терактка шектүү башкы кылмышкер Австралиянын жараны 28 жаштагы Брентон Таррант экени маалым болгон. Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон да Тарантты «ашынган террорист» деп баалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM