Биз менен байланышыңыз

Былтыр өлкө аймагында 99 ири табигый кырсык катталган

Кыска кабар | 23 Мар 2019 | 384 | 0

Былтыр өлкө аймагында 99 ири табигый кырсык катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов билдирди.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктардан 18 адам көз жумган.

Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген материалдык зыян 1 млрд 214 млн сомду түзгөн.

2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы өзгөчө кырдаалдардын саны 70 пайызга аз катталган. Бирок алардан келтирилген зыян 15 пайызга көп болгон. Бул Ош, Кара-Кол жана Бишкек шаарларындагы базарларда болгон өрттөргө байланыштуу.

2018-жылы өлкөдө 14 миң 80 өрт кырсыгы катталган. Алардын жыйынтыгында 59 адам көз жумуп, келтирилген зыян 843 млн сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM