Биз менен байланышыңыз

Венесуэлада Хуан Гуайдонун жардамчысы кармалды

Дүйнө | 23 Мар 2019 | 408 | 0

Венесуэлада оппозиция лидери Хуан Гуайдонун башкы жардамчыларынын бири Роберто Марреро кармалды. Анын алдында өлкөнүн Улуттук чалгындоо кызматы Марреронун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу centralasian.org жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Гуайдо күч түзүмдөрү аны кармоодон коркуп, шериктерине кол салып жатканын билдирди.

Бул арада Вашингтон Маррерону бошотууну талап кылды. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Гуайдонун үзөңгүлөшүнүн кармалышын “ири катачылык” деп атады.

Жыл башында Хуан Гуайдо өзүн Венесуэланын убактылуу президенти катары жарыялаган. Аны АКШ, ЕБ өлкөлөрү, Латын Америка колдогон. Мамлекеттин башчысы Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия жана Куба жактоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM