Биз менен байланышыңыз

Мадеминов: «Разаков — Тажикстандын тыңчысы» деген маалыматтар чыгууда

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 2324 | 0

Тажикстандык массалык маалымат каражаттары кыргыз вице-премьер-министри Жеңиш Разаковду кошуна өлкөнүн тыңчысы деп жазып жатат. Бул тууралуу депутат Мурадыл Мадеминов Жогорку Кеңеште айтты. Анда депутат чек ара маселесине анын аралашканын туура эмес деп баалады. Ошол себептүү өкмөттүн өкүлүн отставкага кетүүсүн сунуш кылды.

Разаков тууралуу маалыматка депутат Алтынбек Сулайманов да тынчсызданганын, шектенгенин билдирди. Бул боюнча маалыматты териштирүүнү УКМКдан өтүндү.

Жогорку Кеңеш бүгүн Баткендеги чек арадагы маселе боюнча өкмөттүн маалыматын укмак. Премьер-министр келбегендиги үчүн жыйын 3-апрелге жылды.

Кошумчалай кетсек, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, жолдор жабылган. Маселени чечүү үчүн кыргыз бийлигинин делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштап барган.

Copyright © 2017 Maral FM