Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 404 | 0

Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Тиешелүү буйрукка Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев кол койду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Күчөтүлгөн режимде иштөө Баткен облусундагы чек арададагы абал, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өлкөдө туруктуулукту сактоону көздөйт.

Буйрукка ылайык мамлекеттик мекемелерде өрткө каршы текшерүүлөр, иш-чараларды көзөмөлдөө жана ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш күчөтүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM