Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Жакынкы коӊшуларыбыз менен кызматташтыгыбызды чыӊдадык

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 411 | 0

Сооронбай Жээнбеков коӊшу өлкөлөр — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен кызматташтыктын чыӊдалгандыгын айтып, мындарн ары соода-экономикалык кызматташтыкты арттырып, экспортунун үлүшүн көбөйтүү керектигин элчилер менен болгон кеңешмеде билдирди.

«Баардык коңшу өлкөлөргө расмий визит менен барып келдим. Нурсултан Абишевич Назарбаев менен чек ара, соода жана башка багыттар боюнча маселелерди чечтик. Шафкат Миромонович Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Мяликгулыевич Бердымухамедов менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тыгыз жеке байланыштарды түздүк. Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктоо маселеси — негизги милдет,”- деди мамлекет башчы.

Мындан сырткары Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү элчилердин регионалдык коопсуздукту, мамлекеттер аралык магистралдар боюнча транзитти жана суу-энергетика ресурстарын комплекстүү пайдаланууну камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз иш алып барышы зарыл экендигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM