Биз менен байланышыңыз

Карганбек Самаков жатак абакка чыгарылды

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 755 | 0

Экс-депутат Карганбек Самаков жатак абагына которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова «Маралга» билдирди.

Карганбек Самаков жаңы күчүнө кирген мыйзамдын негизинде жана жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөгөндүгүнө байланыштуу № 47 жатак абакка которулган. Соттун чечими боюнча Самаковдун дагы 1,5 жылдык жаза өтөө мөөнөтү бар.

Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыптуу деп тапкан. Мунун негизинде экс-депутатты 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM