Биз менен байланышыңыз

«Курулуш компанияларынын материалдары лабораториялык текшерүүдөн өтөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Мар 2019 | 659 | 0

Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Бейшен Жанбоев “Марал” радиосуна берген маегинде курулуш компанияларынын материалдары лабораториялык текшерүүдөн өткөн соң гана колдонууга берилерин билдирди.

«Сыноодон өткөн соң нормаларга туура келди деп ар бир этапты өткөрөбүз. Ошентсе да курулуш компанияларынын арасында чала иш кылып койгондор бар. Бул жерде прорабдардын да жоопкерчилиги бар. Эгер курулуш компаниясы себепсиз имаратты колдонууга бербей жатса, анда жарандар Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгына кайрылсын. Биз эмне себептен кечиктирилип жатканын карап, ачыктап беребиз» — дейт Жанбоев.

Ал белгилегендей, өкмөт менен мэрия шаарды кварталдарга бөлүп өнүктүрүү демилгесин колдоого алышы зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM