Президент Сооронбай Жээнбеков Жер кодексине, Салык кодексине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мыйзам 2019-жылдын 30-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты —айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу, фермердик жана дыйкан чарбаларды колдоо жана өнүктүрүү болуп саналат. Анда жеке жактардын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди берүү шарттарга карабастан, айыл чарба продукцияларын өндүрүү үчүн жерди бир түрүнөн башкасына которбостон пайдалануу каралган.
Буга байланыштуу Жер кодексинин 50-беренесине, Салык кодексинин 337-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Султанали
17.08.2021 22:38
Сугат айдоо жерлерди ээси азыр башка жакта жарандык алып иштеп жаткан болсун, кайтып келип жарандык ала турган болсо сугат талаасы ордунда тура береби окмоттун фондуна алынбайб?
Султанали
17.08.2021 22:39
Сугат айдоо жерлерди ээси азыр башка жакта жарандык алып иштеп жаткан болсун, кайтып келип жарандык ала турган болсо сугат талаасы ордунда тура береби окмоттун фондуна алынбайбы?