Биз менен байланышыңыз

Москвадагы кыргыз жарандарын массалык кармоо боюнча элчилик маалымат берди

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 473 | 0

Бүгүн, 11- мартта “Москва” соода борборундагы Кыргыз жарандарын массалык кармоо боюнча интернет сайттарга жарыяланган маалымат тууралуу Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова төмөнкүлөрдү кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Оруссиядагы Ички иштер министирлигинин кызматкерлеринин  маалыматы боюнча бул иш Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан пландалып жасалган текшерүү болгон жана мындай текшерүүлөр Орусияда мезгил- мезгили менен өткөрүлүп турат.

Бардык кармалгандардын  чек арадан өтүү мөөнөттөрү  текшерилип, анын ичинде Орусиянын Административдик кодексиндеги башка талаптар боюнча да документтери текшерилген.

Орусиянын Ички иштер министрлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин, кармалган Кыргызстандын 50 жараны бошотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM