Биз менен байланышыңыз

Жол эрежесин бузгандарга каттар келе баштады

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 421 | 0

Жол эрежесин бузган айдоочуларга билдирмелер келе баштады. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Анын айтымында, 4-марттан бери Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Токтомдор кабыл алынып, унаа ээлерине каттар жибериле баштады.

Кошумчаласак, унаа эээлери жол эрежесин бузгандыгы тууралуу токтомду колуна алгандан кийин айыпты 15 күндүн ичинде төлөсө ага 50 пайыздык жеңилдетүү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM