Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэрин кетирүү талабы коюлат

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 1062 | 0

Бүгүн, 11-мартта Бишкек мэриясынын алдында саат 11:00дө акция өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кырк чоро” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев социалдык тармакка жарыялады. Анын айтымында, 8-мартта аялдардын укугун коргоого арналган марш башка багытта өткөндүгү үчүн бул парадга жол бергендер жоопко тартылсын, ээлеген кызматынан кетсин деген талаптар коюлат.

Ошондой эле феминсттер тобунун жүрүшүн уюштуруучуларынын мыйзамсыздык иштери боюнча Биринчи май райондук сотуна даттануу арызын беришет. “Кырк чоро” ошондой эле 13-мартта Бишкекте митинг өткөрүүнү пландап жатат.

Айта кетсек, 8-мартта көп өлкөлөрдө аялдардын укугун коргоого багытталган марш өткөрүлдү. КМШ мамлекеттеринен Украина жана Кыргызстанда өттү. Кыргызстандагы тынчтык маршынын багыты өзгөрүп кеткендигин айтып нааразы болгондор, социалдык тармакта кызуу талкуулап жаткандар болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM