Биз менен байланышыңыз

Бильярдчы Дастан Лепшаков дүйнө Кубогу мелдешинин финалында ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 9 Мар 2019 | 988 | 0

Бүгүн кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков Орусиянын Москва шаарында өтүп жаткан бильярддын «кураштырма пирамида» боюнча дүйнө Кубогу мелдешинин финалында ойнойт. Бул тууралуу duplet.news сайтында айтылат.

Мекендешибиз Дастан орусиялык Артем Балов менен мелдештин алтын байгеси үчүн таймашат. Финалдык оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Беттеш duplet.news сайтында онлайн көрсөтүлөт.

Кыргыз бильярчысы кечээ жарым финалда дагы бир орус спортчусу Леонид Швыряевди утуп финалга чыккан.

Мелдеш 4-мартта башталган. Анда кыргызстандык 12 кий чебери катышкан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM