Connect with us

Мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт

Билим-маданият | 8 Мар 2019 | 4577 | 1

Мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт. Маянаны көтөрүү боюнча билим берүү жана илим министрлиги атайын жумушчу төп түзүп, иш алып барууда. Маалыматка ылайык, маянаны жогорулатууга үч критерий сунушталууда. Ага ылайык, мугалимдин билими, сабагынын сааты жана өзүн өнүктүрүүгө багытталган окутууларга катышуусуна жараша жогорулашы мүмкүн. 

Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысы жаңы окуу жылында жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева социалдык тармактарда окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эмгек акы маселеси президенттин, премьер-министрдин көзөмөлүндө. Жаңы окуу жылына чейин бул маселе каралат.

Премьер-министрдин тапшырмасы менен министрликте чоң топ түзүлүп, бул маселе боюнча 2 вариантты сунуштап жатабыз. Биринчиси эмгек акы мугалимдердин окуу жүктөмүнө жана билим деңгээлине жараша төлөнөт. Мисалы, орто кесиптик билими бар мугалимдерге саатына 60 сом, бакалавр деңгээли менен 67 сом жана магистр деңгээли менен 75 сом төлөнөт. Ал эми башталгыч класстын мугалимдери саатына 81 сом алат. Мугалимдердин 80%, 75 миң мугалим мектептерде иштеп жатса, алардын 68 миңи дипломго ээ.

Кудайбердиева кошумчалагандай, министрлик айлыкты көтөрүү боюнча үч сунушту алып чыгууда. Биринчи сунушда магистр менен адистикти теңдештирип, төлөмдөрдү 1 саатка эсептөө. Экинчиси — мугалимдердин эмгек акысы 3 бөлүктөн турат: базалык, компенсациялык жана стимулдук төлөмдөр.

-Стимулдук төлөмдөр азыр 10% болсо, аны 20%га көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Ар бир мугалимдин ишмердүүлүгү кандай натыйжа алып келсе, ошого жараша стимулдук төлөмдөр 20%га көтөрүлүшү мүмкүн. Бул маселе, балким, жаңы окуу жылына чейин каралат.

Эл эми майрам күндөрүнө дал келип калган сааттар башка күндөргө жылдырылып өтүлүп, эмгек акы сөзсүз төлөнөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов министрликтин сунушун карап чыккан. Ал бардык мугалимге бирдей маяна бербестен, ишинен натыйжа көрсөткөндөргө шыктандыруу максатында айлыгын көтөрүү керектигин айтты.

-Мугалимдердин баардыгына тең айлык кылбай, ким өзүнүн билиминин үстүнөн иштеп, чыгармачылык берилүү менен балдарга сабак өтсө, аларга критерий болуу керек. Азыр заманда ушундай көрүнүш туура болот.

Агартуучулук милдетти аткарган мугалимдердин айлык маянасы чеке жылытпашын президент деле айтып келет. Буга далил катары айыл жергесининдеги көпчүлүк мугалимдер жумушун таштап башка соода-сатык  иштери менен алектенип жаткандыгын айтсак болот. 5 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Мунара Сейитова айлыктын аздыгынан күчтүү кадрлар башка тармакка кетип жатканын билдирди.

-Бүгүнкү күндө 4-5-6 миң айлык алган мугалимдер бар. Мындай маяна менен эч ким мектепте кармалбайт. Азыр заман өнгүп жаткан мезгилде жакшы айлык төлөп берген жумушка кетип калат. Мамлекетке көз каранды болбой өз алдынча ишкерликти баштап, отчёт тапшыргым келбейт деген мугалимдерди көп көрүп жүрөмүн.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун эли менен жолугушууда мугалимдердин айлыгын көтөрөм деген убадасы акырындык менен аткарыла турганын кабарлаган болчу.

— Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү, эми кезек мугалимдердики. Менин негизги убадаларым — бул аймактарды өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн сугат системасын жакшыртуу жана коррупция менен аёосуз күрөшүү. Мен элге дагы бир убада берген элем. Ал — мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү болчу.

Мурунку Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев айлыкты көтөрүү үчүн комиссия түзүүнүн кереги жок экенин билдирди.

Анын айтымында, окутуучулардын маянасын 20 миң сомго чейин эле көтөрүп коюу керек.

-Айлыкты жөн эле жок дегенде 20 миң сомго чейин көтөрүү керек. Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы 45 миң сом. Азыр айына керектөөнү карасак, орто эсеп менен бир үй-бүлөгө 20-25миң сом жумшалат. Буга каражатты деле тапса болот. Өкмөт айлыкты 2000 же 3000 сомго көтөрүп коёт. Шайлоо жакындаганына байланыштуу элди алдамай болот. Болбосо президент мугалимдердин маянасын 26 миң сом кылам деген эле.

Айлык маянанын аздыгы мугалим менен дарыгерлерге эле таандык көрүнүш эмес, социалдык тармактарда иштегендердин баарынын абалы окшош. Маданият тармагын аркалагандар, театр, музейде иштегендер деле жарытылуу айлык алышпайт. Бул маселелер Жогорку Кеңештин трибуналарында канча ирет көтөрүлгөнү менен жолго коюлбай келет.

Copyright © 2017 Maral FM