Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Чөөлөр резиденциянын ичинде уулуп жатат

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 482 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүн, 7-мартта өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында чөөлөрдүн саны көбөйүп, алардын адамдар менен малга тиш салуусу күчөгөнүн билдирди.

«Ар кандай бюрократиялык ашыкча тоскоолдуктардан улам, чөө аткан аӊчылар акчасын алалбай жүрөт, кызыкдар деле болбой калышыптыр. Аӊчылардын айтымында, азыр чөөлөрдүн саны 25 пайызга көбөйдү. Өткөн жылы 50 млн сомдук чыгым келтирди, ал эми Өкмөт аларды атууга 6 млн сом бөлгөн. Чөө өтө амалкөй жырткыч, аны атуу кыйын,» -деди эл өкүлү Сулайманов.

Ошондой эле азыркы учурда алардын саны дагы көбөйүп, адамдар менен малга тиш салуусу да күчөп, чөөлөр айылга, алтургай, Мамлекеттик резиденциянын өзүнө чейин түшүп келип, ээн-эркин аралап жүргөнүн кошумчалады.

Сөзүнүн аягында тез аранын ичинде чөөлөр боюнча маселенин чечилишин Өкмөттөн талап кылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM