Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-түрк ооруканасы боюнча түзүлгөн келишимди өзгөртүү керек»

“Биздин укук” коомдук бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Калича Өмүралиева “Марал” радиосуна берген маегинде Бишкекги кыргыз-түрк достугунун негизинде салынган оорукана боюнча түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, тажрыйбалуу юристтер келишимди кайра карап чыгышы керек.

«Келишимди изилдеп чыктык. Кыргыз-түрк бейтапкана алгач шаардык оорукана болмок. Ага Бишкектеги №1 клиникалык бейтапкананы которуу маселеси каралган.  Келишимде жабдыктардын баары бажы алымдарынан бошотулары жазылган. Эгер мамлекеттик оорукана болсо анда жабдык сатып алууда дагы тендер өткөрүлүшү шарт», — дейт Өмүралиева.

Укук коргоочу ооруканага Бишкек мэриясы 35 млн сом бөлгөнүн эске салып, мындан улам оорукана муниципалдык менчикке берилип, №1 клиника көчүрүлүшү зарыл экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM